Прокуратура: Ошто бейтаптардын өмүрүнө коркунуч келтирген гемодиализ аппаратары колдонулуп келген

Ош шаардык прокуратурасы бейтаптардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жана коопсуздугу менен сапаты тастыкталбаган «Жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз пайдаланып келген фактыларды аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, «Т.-М.» аттуу жеке гемодиализ борбору 28 аппарат менен оорукчандарды дарылап келишкен. Бирок бир дагы аппараты Саламаттыкты сактоо министрилигинин тийиштүү департаментинен каттоодон өткөн эмес. Жабдык 5000 саат иштегенден кийин сөзсүз техникалык кароодон өткөрүү керек болгонуна карабай, 35 000 — 45 000 саат колдонулуп келген.

Жыйынтыгында Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Максымбек Омокеев жана Түштүк аймагы боюнча дары дармектерди көзөмөлдөө департаментинин башчысы  Садвар Кутбаева шаардык прокуратуранын сунуштамасы менен кызматынан бошотулду.

Ал эми жеке гемодализ борборлорунун жетекчилерине карата укуктук баа берүү үчүн материалдар Ош шаардык прокуратурасынын катталды. Учурда шаардык ички иштер башкармалыгы  Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси («Шалаакылык») жана 146-беренеси («Медициналык кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу») менен кылмыш иши козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*