
Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган Адилет Көккөзовдун жана кытай жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, саат 12-30дар чамасында куткаруучулар 24 жаштагы Көккөзовду өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан. Ал эми бир кытай жаранынын жансыз денеси 15:30да табылды. Дагы экөө изделүүдө.
Эске салсак: 14-февраль күнү болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдүү унаа жолунун 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, «Пикап» унаасын басып калган. Дагы бир «Пикап» унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болуп жаткан.
Ушул эле күнү саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдүү автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшкөн жерде үч адам дайынсыз болуп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү «Нива» машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган.
Оставьте первый комментарий