Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Иллюстративдик сүрөт

1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14, Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 жана Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15 градусту түзөт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9, Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9 градуска чейин жетет.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -1…-6°. Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13°.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*