Коронавирустан бир күндө 113 бейтап сакайды

Кыргызстанда 1 — мартка карата COVID-19 илдетинин 27 жаңы учуру катталды. Коронавирустан бир күндө 113 бейтап сакайып, бир жаран каза болду. 

Инфекцияын жаңы аныкталган учурлары: Бишкекте — 16, Чүйдө — 6, Нарында — 1, Жалал-Абадда — 4. Баткен, Ош, Талас, Ысык — Көл облустарында коронавирус жуктургандар аныкталган жок.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери дээрлик эки жыл өттү. Бул аралыкта жалпы 200 миң 527 киши COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды. Анын ичинен 195 миң 274 бейтап ооруну жеңди. Тилекке каршы 2 миң 958 жаран коронавирустан каза болду. 

Учурда стационарда — 173, үйдөн — 547 бейтап дарыланууда.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*