«Офисиңерди өрттөп кетем». Редакцияны коркуткан жаран кармалды

«Т-Медианын» жумуш телефонуна чалып, «офисиңерди өрттөп кетем» деп коркуткан адам кармалды. Милициянын маалыматына караганда, ал Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.

Кармалган жаран өз кылганына өкүнгөнүн айтып, редакциядан кечирим сурады.

Эмне болгон эле?

«Т-Медиага» коркутуу тууралуу чалуу 19-февралда саат 15:06 чамаларында болгон. Анда белгисиз эркек киши иш телефонго байланышып, алгач  редакцияда мурда иштеп кеткен жана азыркы жетекчиликтердин аты-жөнүн сурай баштаган. Кызматкер эмне иш боюнча чалып жатканын жана өзүн тааныштыруусун сураган учурда «Мен силердин баарыңарды билем. Силер жакшы телеканал эмессиңер. Офисиңерди өрттөп кетем»,-деп жооп берип телефонду коюп салган.

Андан соң, 19-февраль саат 17:00 чамаларында биздин кызматкерлер Ош шаардык милициясына арыз жазган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*