Тажикстандын өтүнүчү менен Москвада Кыргызстандын жараны кармалды

23-февраль күнү Тажикстанстандын кайрылуусу менен Москва шаарынын полициясы тарабынан Кыргызстандын З.Досматов аттуу жараны  кармалган. 

Элчиликтен билдиришкендей, ага Тажикстандын кайрылуусу  негиз болгон.

«25-февралда элчиликтин кызматкери полиция бөлүмүнө барган. Анын жүрүшүндө жарандын кармалгандыгы тууралуу факт аныкталды. Бар болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жараны Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Россиянын аймагында болгон. З. Досматовго карата козголгон кылмыш ишинин бурмаланганын, кылмыш жасаган деген айыптын негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тастыктай турган документалдуу ырастоо күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен кошумчалашкандай учурда анын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Мажитов бошотулду

 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*