
Россияда 23 жаштагы кыргызстандык көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Экинчи жаран оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 27-февралда Москва облусунун Люберцы шаарында болгон.
«Россиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, турак үйлөрдүн биринин 17-кабатынан кулап кетүүнүн кесепетинен 1998-жылы туулган Кыргызстандын С.Ж.Д. аттуу жараны каза болгон. Экинчи 1995-жылы туулган Б.Н. аттуу жараны оор абалда медициналык мекемеде жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышкан.
Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий