
Ош облусунун Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 24 миллион 590 сомдук жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Бул тууралуу бугүн, 3-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Башкы көзөөл органынын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жүрүшүндө «Кадастрдын» кызматкерлери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы муниципалдык менчиктеги 24 млн. 592 миң сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесин эч кандай укук аныктоочу документтери жок Б.А. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүп берген.
Оставьте первый комментарий