Кар көчкү түшүп Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убатылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-мартта билдирди. 

Маалыматка караганда, Чүйдүн Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун Абла тилкесинде кар көчкү түшкөн. Мындан улам, бүгүн саат 11:30да «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылды.

Учурда жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

Кечээ 6-мартта да:

  • Красная-Горка-Ак-Таш;
  • Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка;
  • Торкен-Толук автоунаа жолдорунда кар көчкү түшкөн.

ӨКМ өлкө аймагында аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу узак жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону эскертип жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*