Коронавируc дагы 17 адамга жукту

Кыргызстанда 8 — мартка карата COVID-19 илдетинин 17 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада оорудан 28 бейтап сакайып, эки жаран каза болду. 

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандар Бишкекте — 6, Чүй облусунда — 9, Жалал-Абадда — 2. Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарында вирус жуктургандар аныкталган жок.

Өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жалпы 200 миң 658 адамга жукту. Анын ичинен 195 миң 713 бейтап ооруну жеңди. Тилекке каршы 2 миң 968 адам каза болду.

Учурда стационарда 148, үйдөн 251 бейтап дарыланып жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*