
Соңку 15 күндөгү Орусия-Украина окуясынан улам орус жарандары өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Бул тууралуу биздин редакцияга коопсуз жай издеп Санкт-Петербургдан Ошко келген Юля Кулешова билдирди. Ал соңку окуялар жана учурда Орусиядагы абал боюнча «Т-Медиага» маек курду.
Кыргызстанга келгениңизге канча болду?
— Мен Санкт-Петербургдан Ошко 2-3 күн мурун келдим. Жанымда кызым да бар. Бул күндөр ичи шаар кыдырып, кээ бир жайлар менен таанышканга гана жетиштик. Жергиликтүү эл, шаар жакты.
Ошто буга чейин болдуңуз беле?
— Жок. Ошко биринчи жолу келип жатам. Азыр биздин өлкөдө өтө оор саясий абал болуп жатат. Көпчүлүк орус жарандары чет өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Абал жакшы эмес. Орусиянын Украинага болгон агрессиясына макул болбогон жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушууда. Бул аракеттер бизге жакпай жатат.
Сиздин Кыргызстанды, Ошту тандашыңызга эмне себеп болду?
— Борбор Азия мага жагат. Мурдагы СССРдин курамында киргин өлкөлөрдө жалпылыктар бар. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга саякат кылуу кыялым болчу. Тилекке каршы, учурда жакшы эмес окуялардын алкагында келип калдым. Акыркы күндөрү Москва-Ош, Санкт-Петербург-Ош түз каттамдары менен 100дөгөн орусиялыктар бул жакка келишти. Мен болсо тааныштарым жана алардын тааныштары аркылуу байланыш түзүп жатып келип калдым. Элдердин жылуу маанайы жакты.
Учурда Орусияда абал кандай?
— Биз Санкт-Петербургда согушка каршы бир нече нааразылык митингдерге чыктык. Андан соң көп адамдарды кармашты. Кармоолор, тинтүүлөр абдан каттуу өтүп жатат. Көз карандысыз медиаларды жабышты. Социалдык тармактар блоктолду. Полиция тарабынан тинтүүлөр жүрдү. Бул абдан коркунучтуу окуялар. Андагы абалыбызды айтып, түшүндүрүү кыйын, оор. Физикалык, психологиялык коркунучтуу болду.
Азыр орусиялыктарр дүрбөлөңдө. Саясий көз караштан улам, кармоолор уланууда. Украинага болгон мамиле тууралуу ой-пикирлери, позицияларын билдирген мамлекеттик кызматкерлер кызматынан алынууда. Согушка каршы акцияларга чыккан студенттер окууларынан айдалууда. Бул азыр Москва, Санкт-Петербург жана дагы башка шаарларда уланууда.
Дүйнө жакшы эмес мамиле кылып жатат. Башка өлкөлөргө чыгып кеткен тааныштарымдын айтуусунда, кээ бир өлкөлөрдө орустарды баскынчы катары жаман көргөн окуяларга туш болуп жатышыптыр. Бирок мен Орусиянын мамилеси, Путиндин масилеси бул элдеринин пикири, көз карашын билдирет деп айткым келбейт. Украина сыяктуу эле биз да көп жылдан бери бийликтин туткуну болуп келе жатабыз. Бизде буга чейин көптөгөн нааразычылыктар болуп келди. Узак жылдар сырткы жана ички саясатыбызды өзгөрткүбүз келген. Бирок бул абдан кыйын жана коркунучтуу. Жакында эле фейк боюнча мыйзам кабыл алынды. Элдердин соц тармактарын, көчөлөрдө аңдуулар болуп жатат. 15 жылга кармалат. Мындай болбош керек. Бизди кичинекейибизде гумандуулукка тарбиялашкан, согуш жакшы эмес экенин айтып үйрөтүшкөн. Азыр эми «Согуш болбосун», «Тынчтык керек» деген лозунгдар менен акцияларга чыгып жатсак кармоолор менен коштолуп жатат. Коркунучтуу окуялар болууда.
Өлкөңүздөн чыгып кетүүгө көбүрөөк эмне себеп болду?
— Биз коопсуз жай издедик. Кызым үчүн да коопсуздук керек болду. Ал да мени менен чоогу жүрүп, биздин абалыбызды көрүп кыйналды. Менин көптөгөн өлкөлөрдө досторум бар. Ошол эле Киевде дагы жакын курбум жашайт. Согушта ал мага жер төлөдө жашынып жаткан сүрөттөрүн жибергенде өзүмдү абдан жаман сездим. Ыйладым, кыйкырдым. Бул абдан кыйын учур. Колумдан эмне келсе баарын жасадым. Биз коомчулук эмне керек болсо баарын жасап жаттык. Согушка каршы акцияларга чыктык. Ошол учурда полиция тарабынан көптөгөн тинтүүлөр уланды. Ата-эне катары баламды ойлодум. Кыргызстанга келдим. Бул жакка аралыктан туруп болсо да украиналыктарды колдоо үчүн келдим. Жергиликтүү элдин кабыл алганына, маанайына рахмат. Менден башка дагы өлкөнүн саясатын колдобогон россиялыктар келип жатат.
Алдыда канда пландарыңыз бар?
—Ошто же Бишкекте калып ыктыярчы болом. Согуш токтогонго чейин украиналыктарга жардам чогултуп, бул жактан көмөк көрсөтүп турам.
Оставьте первый комментарий