
Учурда түрдүү эксперттер ар кандай талдоо жасаганы менен Орусиянын экономикасы алдыда эмне болушун эч ким билбейт. Мындай оюн Орусиялык медиаэксперт Денис Бевз «Т-Медиага» билдирди.
Февраль айынын аягында Орус-Украин согушу башталгандан бери рублдын курсу түшүп, доллар көтөрүлүп жатат. Кыргызстандын көпчүлүк мигранттары Орусияда эмгектенгендиктен өлкөгө тыштан акча көбүн эсе рубль менен келет. Мындан улам орус акчасынын тагдырына кызыккандар көп. Бирок экономикалык жаңылыктарды күзөтүп, түрдүү эксперттердин оюн уккан медиаэксперт Денис Бевз учурда рублга байланыштуу курч кадам жасоо кыйын дейт.
«Азыр «Рубль эмне болот?» деген суроо өтө актуалдуу болуп жатат. Бүгүн эле бул суроону мен үчүнчү жолу уктум. Азыр көп адамдар кандай кадамга барабыз деп ойлонуп жатат. Силер билсеңер керек, учурда убактылуу чектөө коюлуп, Орусиялык банктар доллар сатпай калган. Сатып алат, бирок сатуу токтогон. Мен экономикалык жаңылыктарды күзөтүп, эксперттерди угуп отурган адам катары «азыр эч ким Орусиянын экономикасы эмне болот?» деген суроого жооп бере албайт деп айта алам. Ар түрдүү версиялар бар. Бирок бул жеке адамдардын ою. Буга чейин мындай абал болгон эмес. Ошондуктан эч ким ал абалдан чыгуу жолун билбейт».
Денис Бевздин баамында акчасы рубль менен болгон жарандар азырынча аны алмаштырууга деле шашпай турганы оң.
«Бул сыяктуу абал болгондо бир гана кеңеш бар «Эч нерсе кылбай туруңуз». Мисалы, сизде рубль бар болсо, тура берсин. Азыр аларды алып барып сатып же дагы бир нерсе кылганга аракет кылып кереги жок. Экиниден, алдыда 90-жылдардагыдай көмүскө базар пайда болуу мүмүндүгүн эч ким четке кага албайт. Ал кезде банктарда окшош шарттар болуп турса да эч ким валюта сатып алганы барчу эмес. А азыр банктар жөн гана доллар сатып албай жатат. Ошондуктан курч бир нерсе кылуу сиздин эң ишеничсиз кадамыңыз болот».
Учурда доллардын курсу күн сайын өзгөрүп, бир АКШ доллары 130-140 рубль, ал эми сомго 96-97 болуп жатат. Бевздин айтымында, Орусияда доллар сатылбай калгандан бери базарда купюра сатам дегендер да пайда болгон.
«Азыр валюта эмес купюра сатам деген кызыктай жарыялар пайда болуп калган. Мурда нумизматтар сейрек тыйындар сатууга коюшчу. Азыр кадимки заманбап 100 долларлык купюралар сатууга коюлуп жатат. Мындай абал алдыда дагы боло берет. Ошондуктан сиз шашылыш чечим кабыл албай, бираз күтө турганыңыз жакшы» — деп сөзүн жыйынтыктады Денис Бевз.
Кыргызстанда март айынын башынан бери орус акчасынын курсу 60 тыйынга чейин түшүп отуруп, кыргыз сому 72 орус тыйынына барабар болуп калды.
Оставьте первый комментарий