
АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн «чоң сокку» болорун белгиледи.
LIVE: President Joe Biden to announce Russian oil ban https://t.co/Gs1uMS2eqT
— Reuters (@Reuters) March 8, 2022
8-марттагы кайрылуусунда Байден «эркиндикти коргоонун баасы жогору» экенин америкалыктарга эскертти. «Путин Украинадагы согушту жеңбеси айдан ачык болуп калды. Путин бир шаарды басып алышы мүмкүн, бирок эч качан ал өлкөнү кармап калбайт», — деп билдирди Байден.
Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келатат.
АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн албайт. Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин айткан.
NEW – the UK will phase out the import of Russian oil and oil products by the end of 2022.
This transition will give the market, businesses and supply chains more than enough time to replace Russian imports – which make up 8% of UK demand.
(1/4)
— Kwasi Kwarteng (@KwasiKwarteng) March 8, 2022
Европа Биримдиги ушундай кадамга бараар-барбасы белгисиз. Эски континент орус энергия булактарына көбүрөөк көз каранды. Европа өлкөлөрү керектеген жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет.
Еврошаркеттин лидерлери 10-мартта Версалда жолугушуп, Москванын энергия булактарынан көз карандылыкты азайтуу жолдорун талкуулашмакчы.
Оставьте первый комментарий