Прокуратура: Өзгөн мэри 22 жаранга мыйзамсыз жер тилкесин берген

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов калаадагы 9038,5 метр куб жер тилкесин 22 жаранга мыйзамсыз берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 9-мартта билдирди. 

Маалыматка караганда, мэр 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы «Сарахсий», «Борбордук», «Жаңы-Өзгөн» «32д» жана «Гузар» кварталдарындагы жер тилкелерин жеке жарандарга берген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы иш козгоп, кармалган адамга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айыбы угузулуп, иш сотко өткөрүлдү. Учурда иш сотто каралууда. Андан тышкары райондук прокуратура жогоруда белгиленген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыз жолдоду.

Нодирбек Каримов 2013-2015-жылдары Өзгөн шаарынын мэри болуп иштеп кеткен. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Былтыр июнда кайрадан Өзгөн шаарына мэр болуп шайланган. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*