Билим берүү: Өзгөн шаары рейтингде эмнеге артта калганын түшүндүрдү

Сүрөт: Т-Media

Өзгөндө сегиз мектептин бешөө өзбек тилдүү болгондуктан окуучулар жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчүндө артта калып жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурилло Шамаматов билдирди. 

Бүгүн, 10-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жалалдинов аймактагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн жыйын өткөрдү. Анда аймактардын ичинен Өзгөн шаары билим деңгээли боюнча артта экени айтылды. Мындай көрсөткүч ЖРТ жана «Алтын тамга» багытында билим сапатын текшергенде белгилүү болгон. 

Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында бул көйгөй калаада мектептердин көпчүлүгү өзбек тилдүү болгондуктан жаралган. Буга байланыштуу кыргыз тилине басым жасоо пландалып жатат. 

«Өзгөндүн билим берүү көрсөткүчтөрүндө артта калып жатканынын бир себеби сегиз мектептин бешөөсү өзбек тилдүү. Алар өзбек тилинде окугандыктан ЖРТ тапшырганда орус жана кыргыз тилинен кыйналып, төмөн көрсөткүчтү берип жатышат. Мунун алдын алуу үчүн мамлекеттик тилди окутууга өзгөчө көңүл буруп, атайын ийримдерди уюштуруп жатабыз. Ушундай аракеттер менен быйылкы жылы алдыга жылабыз деген үмүттөбүз» — дейт Шамаматов.

Билим берүү министрлиги аймактарда билим сапатын баалоодо «Алтын сертификат» жана «Алтын тамга» алган окуучулардын санына басым жасап жатат. Мындан улам президенттин Оштогу өкүлү облустагы мектеп директорлоруна жылына аз дегенде тесттен эң жогорку балл алган эки окуучуну чыгарууну тапшырды. Жалалдинов бул талаптарды аткарбаган мектеп жетекчилери иштен алынарын эскертти. 

«Айрым мектептерде 10-15 жылдан бери иштеп, туугандарын ишке орнотуп алган директорлор бар. Мунун негизинде текшерилип  үч мектептин жетекчиси кызматтан алынды. Быйыл Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору экиден, Чоң — Алай менен Алай райондору бирден «Алтын сертификат» даярдасын. Ар бир мектептен «Алтын тамга» алгандар чыксын»— деди президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жалалдинов. 

Өлкөдө былтыр билим сапаты текшерилип, жети облус жана Ош, Бишкек шаарларын кошкондо Ош облусу акыркы баскычта тураары аныкталган. Ал эми район шаарлардын рейтингин чыгарганда Өзгөн шаары эң төмөн балл алган 10 аймакка кошулган.

Автор: Бурулай Уланбек кызы

Рейтинг: Кыргызстандагы билим берүү сапаты боюнча эң алдыңкы аймактар

Автор Наргиза Анарбай кызы 1126 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*