
Жазгы таала иштери башталгандан бери жер семирткичтерге болгон суроо-талап күчөдү. Быйыл алардын баасы 10 сомго чейин көтөрүлүп, дыйкандарга кыйынчылык жартууда.
Кыргызстанга жер семирткичтер негизинен коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Учурда доллардын көтөрүлгөнүнө байланыштуу алардын баасы да жогорулаган. Былтыр киллограммы 30-40 сомдон сатылса, азыр 43-53 сомго чейин болуп жатат.
Базарга жер семирткич алуу үчүн түшкөн дыйкандардын бири Бактыбек Нуров. Ал быйыл жылдагыдай эле 2 гектар жерге пахта эгүүнү пландаган. Бирок бул үчүн дээрлик 2 тонна жер семирткич алса, ал өзүн актабай калышы мүмкүн деп чоочулап жатат.
“Жер семирткичтер быйыл кымбат. Азот былтыры 40 сом болсо, быйыл 47 сомго чыккан. Азыр ойлонуп турган чагым. Кеткен чыгымдарын актабай калып жатат. Азыркы баасы менен эсептегенде 110 миң сом семиркичтерге эле коротот экенмин” — дейт дыйкан.
Учурда дыйкандар эгин өстүрүүгө кетүүчү чыгымды кантип азайтуу жолун издеп жатат. Агрономдорун бири Адан Көккөзөв бул көйгөйдөн чыгууга жалбырактан берилчү семирткичтерди колдонууну сунуштоодо. Анын айтымында мындай жер семирткичтер өсүмдүккө бир гана жолу берилгендиктен үнөмдүү болот. Дыйкандар аны эгүүчү данына карап туура келгенин ала беришет.
«Эми мындан чыгыштын бир эле жолу жалбырактан берилүүчү семирткичтерге өтүшү керек. Дүкөндөрдө кеңири сатылат. Мен да азыр айланамдагы дыйкандар кошулуп ушул жолго өттүк. Баарына сунуштап жатам. Бул жер семирткичтер арзан жана жеткиликтүү болот» — дейт агроном.
Жер семирткич кымбаттаса айрым дыйкандар чыгымдан качып эгин экпөө жолуна өтүшү мүмкүн. Мындай учурда, өлкөдө азыкка болгон тартыштык жаралат. Өкмөт кризиске жеткирбөө үчүн дыйкандарды колдоп аларга 6%дык чен менен насыя берүүнү чечкен.
«Мындан сырткары дыйкандар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп 150 миңден 300 миңге чейин каражат ала алышат. Министрлер кабинети коңшу Өзбекстандан 30 миң тонна жер семирткич алып келүүнү пландаштырып жатат. Анын баасы коротулган чыгымга карап коюлат. Азырынча канча сомдон сатылары белгисиз дейт”- Ош облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Данияр Баатыров.
Жазгы-талаа жумуштары башталганда, айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен жетиштүү камсыздоо үчүн аларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Бул чектөө февралда 6 айга киргизилди. Бирок, акыркы Украин-Орус окуяларынан соң доллардын курсу өсүп, бааны арзан кармап калууга мүмкүндүк болбой жатат.
Автор: Айдана Осмонова
Оставьте первый комментарий