Коронавирус дагы бир кишинин өмүрүн алды

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 10-мартка карата бир суткада оорудан дагы бир адам көз жумду. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 2969га жетти. 

20 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаа Бишкекте — 12 киши. Калган учурлар Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынан чыкты. Талас , Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында жана Ош шаарында бир суткада коронавируска чалдыккандар жаңы катталган жок.

Ушуну менен 2020-жылдын мартынан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 200 691 адамга жетти. 195 761 бейтап сакайды.

Азыр ооруканада 133, үйүндө 249 бейтап дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*