Бишкек
Долларга кошо көтөрүлгөн базар баасы
Кыргызстанда кайрадан азык-түлүк кымбаттап жатат. Орус - Украин окуяларынан улам, доллардын курсу өстү. Анын кесепетинен базардагы баалар жогорулоодо. Төмөндө Бишкектеги азыктардын наркы менен тааныштырган сүрөт баян даярдаганбыз.

Улуттук банк акыркы окуялардан улам, быйыл инфляция болжол менен 12%га чейин көтөрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген.
«Бизге гречка, кумшекер жана бардык негизги азык-түлүктөр Орусия менен Беларусиядан келет. Алардын бул продукцияга болгон баасы 38%га чейин көтөрүлүүдө. Ушундан улам азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт», - дейт ири компаниялардын биринде иштеген сатуучу.
Автор: Жаңыл Кожомуратова