
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда аз маяна алышат. Былтыр эмгек акыдагы айырмачылык 5475 сомду түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аялдар айына орточо 16 500 сом, ал эми эркектер 22 000 сом киреше табат. Аймактар боюнча алганда эң чоң ажырым Талас облусунда болгон. Мында аялдар эркектерге караганда 50%га аз маяна алат. Бир гана Нарын облусунда алардын эмгек акысы бирдей.
Орточо маяна (бир айга, миң сом менен)
Кыргызстанда негизинен аялдар арасында жумушсуздук күч. Айрыкча 25-43 жашта мекеме ишканаларда иштеген кыз-келиндер бул курактагы эркектерден эки эсе аз болот. Статком мунун себебин аялдар ушул жашта бала төрөп жумуштан кетишине байланыштырган. Ал эми жашы улгайган сайын мекемелерде иштегендердин саны азая баштайт. 60-64 жашында эркектердин 64,5%ы жумуш менен камсыздалса, бул курактагы аялдардын 32%ы иштейт.
Жумушка эркектер жумасына аялдарга караганда төрт сааттан көбүрөөк убакыт коротушат. Мисалы, аптасына эркектер 38 саат иштесе, аялдар 37 саат жумушта болушат.
Автор: Айдана Осмонова
Оставьте первый комментарий