Тазабек Икрамов окуучуларга телефон колдонууну чектөөнү сунуштап жатат

Иллюстративдик сүрөт

Депутат Тазабек Икрамов мектептерде сабак учурунда окуучуларга чөнтөк телефон колдонууга чектөө киргизүүнү сунуш кылып жатат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитеттин 14-марттагы жыйынында билдирди. 

Эл өкүлү муну окуучулар бири-бири менен баарлашууну токтотуп, интернетке алаксып, сабакка көңүл буруулары солгундап кеткени менен түшүндүрүүдө.

«Негизи балдардын бири-бири менен сүйлөшүүсү же достошуусу жоголду. Андан сырткары телефон зыяндыгын берет. Роликтерди тартып же болбосо мугалимдерге каршы атайын чагымчыл видеолорду жасап, аны таратып коомчулукка жаман көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөр да көбөйүп кетти. Ошондуктан сабак учурунда окуучуларга телефон кармоого тыюу салууну сунуштайт элем», — деди Икрамов.

Тазабек Икрамовдун демилгесин комиттеттин мүчөлөрү да жактырып, маселени изилдеп чыгууну Министрлер кабинетине тапшыруу чечимин кабыл алышты.

 

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*