Румынияда таш жаады деген маалымат фейк. Фактчек

«Фейсбуктагы» группалардын бирине Урмат Сагындыков аттуу колдонуучу Румынияда таш жаап жаткандыгы тууралуу видео жарыялаган. Бул жаңылыкты аталган социалдык тармактын кыргыз сегментинин колдонуучулары бөлүшүп, кызуу талкуулап жатышат.  

«Т-Медиа» редакциясы бул видеону текшерип көрдү.

Алгач Google издөө системасынан текшеребиз.

Видео төрт жыл мурун жарыяланганын аныктадык. Бул окуя 2019-жылы 28-май күнү Румыниянын Залэу шаарында болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан. Аталган аймакта таш эмес, көлөмү жумурткадай болгон мөндүр жааган. Табигый кырсыктан автоунаалар бузулуп, айнектери сынган. 

Бул маалыматты украиналык басылмалар да жазышкан. Окуя тууралуу сүрөттөрдү Mihаi Crisan аттуу фейсбук колдонуучусу 2019-жылы 28-майда жарыялаган.

Румынияда 2016-жылы да ушундай көлөмдөгү мөндүр жааган. Дүйнөнүн аба-ырайын көрсөткөн The Weather Channel сайтында 2016-жылдын июнь айында да мөндүр жаагандыгы тууралуу видео жарыяланган. 

Видеого кайтсак, сапаты начарлыгынан улам машинанын үстүнө түшкөн жалбырактар ташка окшоп көрүнгөн болушу мүмкүн. Жакшылап карасак бул жөн гана жалбырак экенине күбө болобуз.

 

Фейсбук социалдык баракчасы да бул видеону, көрсөтүүдөн мурда «бул жалган маалымат» экендиги тууралуу эскертүү берүүдө. Аталган видео көз карандысыз эксперттер тарабынан текшерилип, жалган деп тыянак чыгарылган.

Жыйынтык: Жалган. Румынияда таш эмес, мөндүр жааган. Окуя 2019-жылы болгон. 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*