
«Чочконун жүрөгүн салдырган адам эки айдан кийин каза болду». Дал ушундай баштема менен 10-мартта Кыргызстандагы бир катар басылмалар жаңылык жазып чыгышкан. Маалыматта операция АКШДа болгону, бирок кийин бейтаптын абалы оорлошуп, көз жумганы айтылат.
koom.press сайты маалыматты эч кимге шилтемей бербей чыгарган. Ал эми media-center.kg басылмасы алгачкы булак катары Би-Би-Сини көрсөткөн.
«Т-Медиа» маалыматты текшерип көрдү.
«Би-Би-Си» кыргыз кызматы ушул жылдын 11-январында адамга биринчи жолу чочконун жүрөгү салынганы тууралуу макала жарыялаган. Операцияны Америкадагы Мэриленд университетинин Медициналык борбордун дарыгерлери жасаганы айтылат. Анда 57 жаштагы Дэвид Беннет аттуу эркек кишиге генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн коюлган.
Трансплант операциясы тууралуу аталган борбор да расмий сайтына жарыялаган. Хирург Бартли Гриффиттин айтымында, «операция дүйнөнү орган жетишисиздигинин кризисин чечүүгө бир кадам болсо да жакындат. Операция Балтимор жергесинде болгон. Ал жети саатка созулуп, эксперименталдык процедурадан кийин 57 жаштагы Дэвид Беннетт өзүн жакшы сезип жаткан.
Тилекке каршы, Дэвид Беннет эки айдан кийин каза болуп калган. Бул тууралуу 9-мартта Мэриленд университетинин Медициналык борбору кабарлаган. Дарыгерлер өлүмгө эмне себеп болгондугун так айта айтышкан эмес. Экспертизадан кийин гана толук маалымдаларын билдиришкен.
Жыйынтык: Америкалык эркек киши генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн салдырган эки айдан кийин каза болуп калганы чын.
Материалдын авторлору: Айтурган Жеңишбек кызы, Гүлмайрам Келдибекова, Күнсулуу Осмонова.
Оставьте первый комментарий