Кара-Суудагы көлчүккө айланган базар. Видео

Кара-Суудагы «Оомат» базары жаан жааганда сууга толууда. Жаан-чачындан топтолгон сууну алып чыкчу арыктар жок. Жамгыр көп жааганда көлчүктө толуп, сатуучулар менен кардарларга ыңгайсыздык жаратат.

Сатуучулардын айтымында, мындай көрүнүш көп убактан бери кайталанып келет.

«Сууну кечип эле жүрөбүз. Күндө эртең менен келип сууну өзүбүз шыпырууга аргасыз болобуз»,- дейт сатуучу Дилбар Жолдошева.

«Болгон ряддарды айланып өтүш керек. Кээ бир клиенттер толгон суудан улам, келбей кетип калышат»,- дейт дагы бир сатуучу Чолпон.

«Эки ряд базар түшкөндөн кийин арыкты жабып салышкан. Ошондуктан, болгон суу контейнерлердин алдынан өтүп, башка арыкка түшөт. Жаан көп жааганда эле ушундай көрүнүш болот», — дейт «Оомат» базарынын кызматкери.

«Булар (сатуучулар) 2-3 жыл бул жерге иштеп, башка жака да барып ушуну айтат. Бул жер эч нерсе болбойт», — дейт өзүнү базардын ээсимин деп тааныштырган жаран.

 

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*