
Ош шаарында көзү өтүп кеткен кишинин төрт аялынан калган 11 баласы мүлк талашууда. Алар өз ара тил табыша албай иш сотко өттү. Укук коргоочулардын айтымында, коомчулукта мындай окуялар арбын кездешет. Юристтер мүлк туура бөлүштүрүлүп берилиши үчүн кандай эрежелерди так сакташ керектигин айтып беришти.
Ош шаарынын тургуну Айнагүл Самиева көзү өтүп кеткен атасынан калган мүлкүн өндүрө албай жатканын айтып, «Т-Медиага» кайрылды. Ал атасы кайтыш болгондон кийин беш балага мүлк калыс бөлүнбөй жатат дейт. Ортодогу талашты чечип берүүсүн өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылып, майнап тапкан эмес. Анын бир тууган инилери эмгекке жарамсыз болгондуктан, 15 миң сом маянасы эч нерсеге жетпей жатат.
«Дин боюнча да, мыйзам чегинде да өзүбүзгө тиешелүү болгон атабыздан калган мүлкүбүздү алгыбыз келет. Чириген алма болсо да. Анткени ал атаман калган керез. Менден кичине инилерим бар. Өзүмүн көйгөйүм көп болгондуктан аларга эч нерсе кыла албайм. Же аларды коргой албасам же керектүү мүлктү алып бере албагыным үчүн уялам. Өзүмүн эки балам бар, күйөөм менен ажырашып кеткемин».
Самиеванын айтымында, мүлктү бөлүштүрүү боюнча ортодо пикир келишпестик жаралган. Мындан улам ал кооптоно баштаган.
«Аталаш бир тууганым «Шашпай тур, менден бирди көрөсүң» деп коркутуп атпайбы. Ким менин башыма бир коет экен деп көчөдө жалгыз жүргөндөн корком. Муну мимлицияга да айттым. Бирок маани беришкен жок. Күндүзү жургөндө деле корко берем».
Биз экинчи тараптан интервью алганга аракет кылдык. Бирок аныбыздан майнап чыккан жок. Эгер алар өз чындыгын айтууну чечишсе, биздин редакция микрафон сунганга даяр.
Тараптар маселени ич ара чечише албай жаткандыктан, Айнагүл Самиева Ош шаардык сотуна кайрылган. Анда биринчи инстанцияда каралганы менен соттун кийинки чакырууларына биринчи тарап келип, экинчи тарап келбей, сот чечими улам-улам жылып жатат.
«Самиева Ош шаардык сотуна мурастоо күбөлүгүн жокко чыгаруу боюнча доо арыз менен кайрылган. Иш өндурүшкө 2022-жылдын 21-январында алынган. Бугүнкү күндө соттук кароо стадиясында турат. Иш каралбай, чегине жетпей жатканын себеби бир тарап келсе, экинчи тарап келбейт калат. Ошого процесс созугуп жатат», -дейт Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы.
Юристтер эмне дейт?
Айнагүл Самиева нотариус кызматына атасы кайтыш болгон бир жылдан кийин кайрылган. Юрист Максат Жорокуловдун пикиринде, мындай шартта мүлкү бөлүштүрүү татаалдашы ыктымал. Коомчулукта мураскерлер мүлк талашкан учурлар арбын кездешкендиктен төмөнкүдөй эрежелерди эске алыш керек:
«Жарандык кодексте мурас боюнча атайын бөлүм бар. Ал жерде мурасты кимдер кабыл алары көрсөтүлгөн. Негизи мурас эки тургө бөлүнөт:
- Мыйзамдуу түрдө. Адам өлүп калып эч кандай керез калтырбаган болсо, анда ал мыйзамдуу түрдө берилет дагы, биринчи категорияда ата-энеси, аялы жана балдары болот. Канча баласы бар, алар канча аялдан болсо деле баары мураскор катары кирет. Мүлккө биринчи аялы ээ болот. Анткени ал аны күйөөсү менен кошо тапкан адам. Ал эми жарымы мураскорлордун баарына бирдей бөлүнөт;
- Керез калтыруу. Эгерде керез калтырып, кайсы бир адамга кайсы бир мүлктү так көрсөтүп койгон болсо, анда мыйзамдуу тартиптин негизинде катталат.
Негизинен соттор мындай учурларда баарына эле тең бөлгөнгө аракет кылат. Бир гана маселе, убактыларын өткөрүп келишет. Мыйзам боюнча мүлктүн ээси каза болуп калгандан алты ай өтпөй балдары же жубайы арыз таштап коюшу керек. Антпесе мөөнөтү өтүп кетти деген негизде сотто кабыл алынбай калышы мүмкүн», -деп түшүндүрдү ал.
Мүлк талаш иши учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Алдыдагы соттук отурум 5-апрелге белгиленген.
Оставьте первый комментарий