Айыл чарба жерлерин пайдалангандар үч жылга жер салыгынан бошотулду

Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындыгы токтомунун негизинде кабыл алынган. Токтомдо ушул жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленген.

Чечим өлкө башчынын «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы менен ишке ашууда.

Ошондой эле, бул айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири катары айтылууда.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*