Баткенде үч прокурор кызматтан алынды

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда аталган прокурорлор Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматтан кетти.

Жакында эле эркин журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тикелери тууралуу өзүнүн Ютуб-каналына сюжеттер сериясын чыгарган. Анда жооптуу адамдарды прокуратура кызматкерлери калкалап жатканы айтылган.

Кийин 23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирген.

25-мартта ошол эле илитөөдө жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Ага нааразы болуп, үч жаранды бошотулушун талап кылгандар эки күндөн бери митинг уюштуруп жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*