Кара-Суунун мурунку акими Тилек Матраимов «Газпром Кыргызстандын» Оштогу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булакка таянып билдирүүдө.
Матраимовдун «Ошгаз» ишканасында жетекчинин орун басары болгонун шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова да «Фейсбук» баракчасында жазды.

Азырынча бул тууралуу «Газпром Кыгызстан» мекемеси расмий маалымат бере элек.
Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районун жетектеп келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы.
2020-жылы чек арадан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылганда кармалып, айып пул салынган.

Оставьте первый комментарий