Аба ырайы: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Сүрөт интернеттен алынды

Синоптиктер жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 27-мартта өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт деп божомолдошууда.

Бүгүн, 27-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5…+10, Таласта +4…+9 градуска жетет. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 6+6…+11, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +2…+7 градус болот. Бийик тоолуу аймактарда -2…+3 градуска чейин күн жылыйт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +8…+10 градус болот.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*