Баткен милициясы журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады

Арзыгүл Галымбетова

Баткенде каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта маркум журналист Баткен ОИИБне келип «Батма-бат» ютуб каналында иштеген блогер кыздын үстүнөн арыз жазган.

«Ал аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган. Бул арыз облустук милициянын электрондук журналына катталган. Ошол эле күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден-соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай, ошол эле түнү каза болуп калат», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*