
Муфтият быйыл Кыргызстанда ыйык Рамазан айы 2-апрелде башталарын билдирди. Бирок айдын чыгуусуна карап бул дата бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
1-апрелде өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталат. Ал эми, орозо айт биринчи же экинчи майда белгиленет. «Т-Медиа» Ош шаарынын тургундары үчүн Орозо календарын даярдады.
Орозонун башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Ошондуктан айтылгандан бир күн айырма болушу мүмкүн.
Орозодо ооз бекитүү (имсак) календарда көрсөтүлгөн убакытка чейин жана ооз ачуу (ифтар) андан кийин аткарылышы шарт.
Ал эми, аймактарда ооз ачар убактысы Ош шаарынын календарында көрсөтүлгөндөн 6-25 мүнөткө чейин айырмаланып турат.
Мисалы, Бишкекте ооз бекитүү (имсак) 15 мүнөт мурда;
Баткенде — 11 мүнөт;
Караколдо — 27 мүнөт;
Нарында — 15 мүнөт мурда болот.
Рамазан айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.
Оставьте первый комментарий