
Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалын иши боюнча чечим чыгарды.
Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматын экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин Кыргызстандын аймагында токтотуу жана продукцияларын өлкө аймагындагы башка каналдарда, ЖМК жана интернет-ресурстарында жайылтууга тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.
Башкы прокуратура 22-мартта сот жыйындарынын биринде телеканалдын өлкө аймагында обого чыгуусун токтотууну суранган.
3-март күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Next TV телеканалын эфирден өчүрүп, анын жетекчиси Таалай Дүйшембиевди «улут аралык кастыкты козутту» деген шек менен камакка алган. Буга каналдын социалдык түйүндө тараткан маалыматы негиз болгон. Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылганын жүйө келтирген. Прокурор каналдын ишмердигин «экстремисттик» деп табууга да мына ушул окуя негиз экенин билдирген.
Оставьте первый комментарий