
Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети депутат Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына көрсөтүүгө макулдук берди. Эми Жогорку Кеңештин сессиясында каралат. Колдоо тапса президентке кол коюуга жөнөтүлөт.
Депутаттар Төрөбаевге доллардын курсунун кайра түшүп жатканына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын көтөрүлгөн баасын кайра ордуна келтирүү үчүн көрүлчү чаралар тууралуу сурашты. Төрөбаев көзөмөлгө ала турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошоткон.
Бакыт Төрөбаев деген ким?
Бакыт Төрөбаев — 49 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты. Ушул кезге чейин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турган.
Ал 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиев тарабынан негизделген «Ак-Жол» партиясы менен алгачкы жолу парламентке келген. 2010-жылы болсо «Республика» партиясынын катарында депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү — Прогресстен» шайланып келген. Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, бирок Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Оставьте первый комментарий