Депутат: Өзбекстан Керкидан аймагына жол куруп жатат

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Өзбекстан Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан аймагына жол кура баштаганын билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери Кыргызстандын макулдугусуз жүрүп жатат.

«Керкиден участогуна эки күндөн бери Өзбекстандын күч органдары чыгып, жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Эки мамлекеттин ортосунда делимитация жана демаркация боюнча комиссия түзүлгөн. Ага ылайык, бул иштер биздин тараптын гана (ред-Кыргызстандын) макулдугу менен гана курулушу керек. Тиешелүү жетекчилерге дагы айтылса керек. Жолду токтотуп туруш керек. Кыргызстандын макулдугу жок эле эки күндөн бери курулуш иштерин жүргүзүп жатат», — деди депутат.

Керкидан айылы коңшу Өзбекстан менен чектешет.

Эске салсак: 2019-жылдын 10-сентябрында Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

Жергиликтүүлөрдүн  нааразычылыгынан кийин  гана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Өзбекстан менен жер алмашууну ырастаган. Өзбекстанга Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагындагы жер берилген — Керкидан айылынын жанындагы суу сактагычтын айланасындагы жер Гүлбаар айылына жакын жерге алмаштырылган.

Керкидан жана Гүлбаар айылдарына караштуу жерлердин аянты бирдей — 407 гектар. Ош администрациясынын маалыматына ылайык, алмашуу мурда эле Кыргызстан тарабынан демилгеленген.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*