Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын орун басары кызматына Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 30-марттагы сессиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду. Ага 68 депутат «макул» добуш беришти. Каршы чыккандар болгон жок. 

Депутаттар өкмөт өкүлдөрү азык-түлүк каатчылыгы, баалардын көтөрүлүшү, жазгы айдап-себүү иштери жана ишкерлерди колдоо өңдүү маселелерге көңүл бурушу керектигин эскертишти.

Дастан Бекешев талапкер буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты болгонун, айыл чарба техникаларынын паркын түзүү боюнча программасы бар экенин эске салды. Бул багыттагы иштерди кайра баштоону, ошондой эле атайын техникаларды оңдоочу станцияларды уюштурууну сунуштады.

Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошоткон.

Бакыт Төрөбаев деген ким?

Бакыт Төрөбаев — 49 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты. Ушул кезге чейин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турган. Ал 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиев тарабынан негизделген «Ак-Жол» партиясы менен алгачкы жолу парламентке келген. 2010-жылы болсо «Республика» партиясынын катарында депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү — Прогресстен» шайланып келген. Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, бирок Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган.  2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*