«Исманкулов оорукананы бошотпой жатат». Бейшеналиев элден колдоо сурады

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун муниципалдык мекемени бошотпой жатканын билдирип, коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин айтты. Ал кайрылуусунда медицина системасын иш жүзүндө монополия кылып алгандар аны реформалоого каршы экенин жазган.  

Министрдин кайрылуусу мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Анда Бейшеналиев пандемия мезгилинде кыргыз медицинасы алсыз экени белгилүү болгонун айтып, алдыда коронавирустун жаңы штаммдарга даярдануу керектигин билдирген. Ал мындай кыйынчылыктан «Исманкуловдун клиникасы сыяктуу монополиялык мекемелер элди сактай албайт» деп кошумчалаган.  

«Биз коронавирусту гана эмес, калктын курч көйгөйү болгон жүрөк-кан тамыр ооруларын жана неврологиялык ооруларды да дарылай турган ооруканаларды түзгүбүз келет. Аларды адилет чечимдер менен колдогондун ордуна көзөмөл жана сот органдары, тескерисинче, нигилизм тарапта. Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маанилүүбү же Исманкуловго окшогон жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн калктын эсебинен капчыгын толтургандарбы? Бул учурда мен сиздин тандооңузду жана колдооңузду күтөм» — деген Бейшеналиев. 

Ошондой эле, министр көзөмөл жана сот органдары калктын саламаттыгына тиешелүү маселелерде адилетсиз экенин айткан.

«Дарыгер Исманкулов мыйзамды айланып өтүп, муниципалдык менчикти тескеген мэриянын токтомдорун этибарга албай, медициналык мекемени бошотпой жатат. Бул маселеде аны көзөмөл органдары колдоп жатканы таң калыштуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эң кымбат убактысын – бул жолу калктын саламаттыгына байланышкан маанилүү мамлекеттик маселелерди чечүүгө жумшайт. Мен баштаган реформаны ишке ашыруу үчүн ар бир мүнөт, ар бир секунд маанилүү» — дейт министр. 

Эске салсак, 10-мартта министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына барып, аны бошотуп коюуну талап кылган. Буга Бишкек мэриясынын Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишимин жокко чыгарганы себеп болгон.  Бирок 18-мартта Исманкулов маалымат жыйын берип, мэрия менен келишими күчүндө экенин, имараттан көчпөй турганын айткан. Бул жеке клиника №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашып турат.

25-мартта да Бишкек мэриясынын өкүлдөрү Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борборуна алардын көчүп кетүүсүн талап кылып барышты.

29-мартта оорукананын кире бериши тосулуп, оңдоо иштери башталганы айтылды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*