
Башкы прокуратура Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал сугат айдоо жер тилкелерин трансформацияланбастан мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө.
«Айыл өкмөт башчысы жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн токтом чыгарган. Андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү облустук милициянны убактылуу тергөө абагына киргизилди.
Оставьте первый комментарий