
Кыргызстанда 31 — мартка карата COVID-19 илдетинин 12 жаңы учуру аныкталды. Оорудан өткөн суткада 7 бейтап сакайды. Каза болгондор катталган жок.
Коронавирус жуктургандар Бишкекте — 10, Чүйдө — 2 киши. Калган аймактарда вирус аныкталган жок.
Өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирус жалпы 200 миң 935 кишиге жукту. Анын ичинен 196 миң 213 бейтап илдеттен сакайып, эки жылда 2 миң 988 адам көз жумду.
Учурда стационарда 84, үйдөн 66 бейтап дарыланууда.
Оставьте первый комментарий