
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды. Бул туурлуу 2-мартта Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Сегизбаев Кылмыш кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган.
«Кечээ, 1-апрелде сот аны күнөөлүү деп таап, 4 миллион сомдук жаза аныкталган. Өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргиче, эки жакка чыкпоо шарты менен баш коргоо чарасын өзгөртүштү», — деп айтты райондук соттон.
УКМК азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге карата алты иш тергелип жатканын маалымдаган. Алар: «Белизгейт» окуясы, кызматтык батирлер, энчилүү куралдар менен сыйлоо, жер тилкелери, бюджеттик акчаларды бөлүштүрүү.
Оставьте первый комментарий