Президент элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырды

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырды. Ал өлкөдө митингдер сөзсүз болушу керектигин, ал үчүн Бишкектеги Горький паркына уруксат бар экенин айтты.

«Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө-жарым келип, эшигин каккылап, башаламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болушу керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар, 24 саат бою митинг кылыңыздар», — деп жазылган анда.

1-апрелде Бишкек шаардык милициясы маалымат таратып, район аралык соттордун чечими менен  Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча калаада 1-июлга чейин тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*