Коронавирус 13 кишиден аныкталды. Бир бейтап көз жумду

Бүгүн, 3-апрелге  карата Кыргызстанда COVID-19 илдети Бишкек шаарында 13 кишиден аныкталды. Башка аймактарда оору жуктургандар катталган жок.

Ошол эле учурда дарыланып жаткан бейтаптырдын  ичинен 10у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бир бейтап каза болду. 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктургандардын саны пандемия башталгандан бери 200 968ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 243. Курмандыктар 2991.

Ушул тапта ооруканаларда 90, үй шартында 57 адам дарыланып жатат.         

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*