
Бүгүн, 5-апрель күнү Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Эл артисти, белгилүү актёр Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Марат Алышпаев 75 жаш курагында 4-апрелде дүйнөдөн кайткан. Маркум соңку жылдары ооруп жүргөн, 2021-жылы жайында омурткасында шишик пайда болуп операция болгондугу да белгилүү. Ал өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында туулган. 1972-жылы Орусиянын Москва шаарындагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүткөн. 1972-жылы Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында эмгек жолун баштаган. 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрын жетектеген.
Оставьте первый комментарий