Кыргызстанда 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө

Бүгүн 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Боршайком шайлоочуларды өнөктүккө катышууга чакырууда. 

Үч шаардык кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 13 саясий партиядан 853 талапкер катышууда. Ар бир шаарга 31ден жалпы 93 мандат берилген.

Ал эми 13 айылдык кеңештеги 243 мандатка 491 жаран ат салышат. Округдарда 96 мандат аялдардын квотасы. Жалпы айылдык кеңештерге мандаттардын саны төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Жалал-Абад облусунун

  • Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши 21 мандат;
  • Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши 21 мандат.

Ысык-Көл облусунун

  • Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши 11 мандат.

Нарын облусунун

  • Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинде 11 мандат;
  • Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинде 21 мандат.

Ош облусунун

  • Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши 31 мандат;
  • Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши21 мандат;
  • Төлөйкөн айылдык кеңештери 31 мандат.

Чүй облусунун

  • Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 11 мандат;
  • Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши 11 мандат;
  • Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши 11 мандат;
  • Москва районунун Александровка айылдык кеңеши 21 мандат;
  • Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши 21 мандат.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*