
Президент Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечимге, соңку жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай куруу үчүн өзүм билемдик менен ээлеп алгандар, өзүнө бөлүнгөн тилкелерди бак-дарак тигип кеңейтип алган учурлар көбөйгөнү себеп болгон.
«Мыйзам бузуулардын эң көп жайылганы өзүнүн участогунун документтерде белгиленген чегин кеңейтүүгө умтулгандар, жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алып мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларды куруп, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү жайгаштырып, тосмолорду койгондор болуп жатат»- деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.
Жаңы жарлыкка ылайык жерди мыйзамсыз ээлеп алганууну болтурбоо үчүн чаралар иштеп чыгылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Аны аткаруу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аким, мэрлер, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, укук коргоо органдары, жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына тапшырылды. Токтом боюнча:
- жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
- мындай мыйзам бузуунун административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзүү;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун, ошондой эле менчик ээлери тарабынан айыл чарба багытындагы жерлердин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтүү керек.
Ал эми ИИМге коомдук укуктук тартипти камсыз кылып, жерлерди басып алган фактыларды табуу тапшырылды.
Былтыр өлкөдө «Жер тилкелерин которуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берген мыйзамга кол коюлуп, жаңы конуштарга мыйзамсыз түшкөн турак-жайларга документ берүү тапшырылган.
Оставьте первый комментарий