
Бүгүн, 11-апрель күнү «Ошэлектр» ААКнын Баткен филиалынын базасында «Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу» иш-чарасы башталды.
Анда
— 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына СИП маркадагы зымдарын монтаждоо ыкмаларын колдонуу;
— «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоону көрсөтүү»;
— «10 кВ аба чубалгысындагы мамычадан электр тогунун таасиринен жабырлануучуну (муляжды) бошотуу жана медициналык жардамга чейинки алгачкы жардам көрсөтүү» боюнча тажрыйба алмашуу болот.
Ар бир энергокомпаниядан келген адистер электр тармактарды тейлөөдө туура заманбап колдонмолорду, ыкмаларды жана усулдарды колдонуу боюнча иш чаралар көрсөтүшөт.
«Баткен жергесинде жолугушуп жаткандыгы биз үчүн маанилүү. Себеби өткөн жылы Баткен районунун чек ара аймактарында болгон жаңжалдын кесепетинен электр энергиясы авариялык өчүрүлүп, электр жабдуулары бузулуп бизге да өтө чоң залакасы тийген. Калыбына келтирүү жумуштарынын алкагында күжүрмөн аракеттер менен 8 даана жаңы трансформаторлор орнотулуп, 3 чакырым аба чубалгысы тартылды. Жогорудагыдай иштерде кызматкерлерге шарт түзүү үчүн экскаватор, УАЗ, 5 даана портер унаасы алынып берилди», — деди «Ошэлектр » ААКнын башкы директору Медет Жумаев.
Бул иш-чара кызматкерлердин билим деңгээлин, иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө багытталган.
Оставьте первый комментарий