Эң көбү 1 жарым миллион сом
Кыргызстанда коргоодогу жаныбарларды аткандар канча айып пул төлөйт?
Кыргызстанда сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар Кызыл китепке киргизилип коргоого алынган. Аларга аңчылык кылууга жана зыян келтирүүгө болбойт. Мындай жаныбар жана канаттууларды аткан жарандарга миллион сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. «Т-Медиа» кызыл китепке кирген жаныбарлардын кайсынысына айып өлчөмү эң көп экенин тизмектеп көрдү.

Сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандар үчүн айып өлчөмү 2020-жылы жаңыланган. Токтом боюнча эң көп айып пул Илбирс аткандарга салынат. Алар 1 жарым миллион сом төлөөгө мажбур болот.
Жаныбарлардын түрүнө карап айып пулдун өлчөмү
1 500 000 сом
1 000 000 сом
50 000 сом
25 000 сом
20 000 сом
10 000 сом
Кыргызстанда Кызыл китеп эң алгач 1985-жылы түзүлгөн. Анын тизмеси 21 жыл боюу жаңыланбай туруп, 2006-жылы гана экинчи жолу басылып чыккан. Учурда өлкөдө эң коргоодогу жаныбар Ак илбирс.
Автор
Наргиза Анарбай кызы