
Коргоо министрлиги Социалдык фонддун азыркы учурда иштеп жана пенсия алып жаткан аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү кыскартуу демилгесин эмгек кадырын кетирүү деп атады. Министрлик куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын 80%ы татаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда кызмат өтөй турганын билдирди.
Аталган министрликтин маалыматында аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы 10-12 саат. Кээ бир учурда суткасына 24 саат кызматта болушу мүмкүн. Дем алыш жана майрам күндөрү дагы кызмат өтөгөн бөлүктөр бар.
Ошондой эле, министрлик соцфонддун Россия жана Казакстандын аскер кызматчыларынын пенсиясын эсептөө боюнча берген маалыматын объективдүү эмес деген.
«Россия, Казакстан жана Өзбекстандын аскер кызматчыларынын пенсиялары биздин мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору. Биздин аскер кызматчыларыбыздын жана аскер пенсионерлерибиздин оор кызматы жана эмгеги үчүн ыраазычылык сөздөрүн билдирүүнүн ордуна, Социалдык фонддун орун басары ыңгайлуу болуп жана цивилизациянын бардык жыргалчылыктарынан пайдаланып, жогорку трибунадан алардын пенсияларын жокко чыгарууну жана ошону менен Кыргызстандын аскер кызматчыларынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууну талап кылууда»— деп айтылат маалыматта.
Кечээ пенсиялык системаны реформалоого арналган парламенттик угуу учурунда Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жуматаева иштеп жүрүп пенсия алгандардын, анын ичинде аскер кызматкерлеринин акчасын кыскартуу каралып жатканын билдирген. Ал аскерлер 40-42 жаштан пенсияга чыгып, пенсиясынын теңин алып иштеп жүрүшкөнүн айткан. Жуматаева мындай практика башка мамлекеттерде жок экенин Орусия менен Казакстанда аскерлер кызматтан кеткенден кийин гана пенсия чегерилээрин билдирген.
Оставьте первый комментарий