
Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалилов менен Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевге коюлган айыптар жана далилдер негизсиз. Бул тууралуу алардын жактоочусу Асылбек Кунгуров билдирди.
Эске салсак: Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевге 24-мартта «Коррупция» беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Баткен облустук соту бүгүн, 13-апрелде алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.
Алардын жактоочусу Асылбек Кунгуровдун айтымында, Баткен облустук прокуратурасы Жалилов менен Эгембердиевге актынын негизинде гана кылмыш ишин козгогон. Ал мамлекетке келтирилген зыян акты эмес, экспертизанын корутундусу менен аныкталышы керектигин белгилеген. Мындан тышкары акт түзүп, ага кол койгон Баткен облустук архитектуралык курулушту контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Жаныбек Бекбаев курулуш иштерин жүргүзгөн «Бекем-Курулуш» ЖЧКнын ээси Өмүркан Шайдиллаеванын күйөөсү болорун Кунгуров маалымдаган:
«Мамлекетке келтирилген зыян АКТ менен эмес, экспертизанын корутундусу менен аныкталат. Мындай жагдайда эмне себептен зыяндын суммасы актыга таянып чыгарылган? Эмне себептен бул актыга кол койгон Жаныбек Бекбаевдин кызыкчылыгы эске алынган эмес? Анткени актыда көрсөтүлгөн «Бекем-Курулуш» ЖЧКнын ээси анын жубайы».
«Т-Медиа» экспертиза жүргүздү делген «Бекем-Курулуш» компаниясы тууралуу маалыматты текшерип көрдү.
Оsoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, «Бекем-Курулуш» компаниясы 2018-жылы негизделип, турак-жай жана турак жай эмес имараттарды куруу менен алектенет. Компаниянын негиздөөчүсү жана директору катары Шайдиллаева Өмүркан Абдыкадыровнанын ысымы көрсөтүлгөн.
Аталган компания 2021-жылдын июль айында Исфана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы өткөргөн тендерге катышып, Кара-Таш айылындагы бала бакчанын аймагына таштанды чыгаруучу жайды жана тышкы канализацияны куруу долбоорун аткаруу үчүн кызматын — 471 миң 481 сомго баалаган.
Шайдиллаева деген ким?
Өмүркан Шайдиллаева тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок. Facebook жана «Одноклассники» социалдык тармагынан Омуркан Шайдиллаева аттуу колдонуучуну көрүүгө болот. Анда ал Лейлектеги төрөт үйүндө акушер болуп иштери көрсөтүлгөн. 2018-жылдын турмуш курганы маалымдалат. Бирок ким менен никеге турганын жазылганган эмес.
«Бекем-Курулуш» ЖЧКсынын Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерин Get contact тиркемесинен издеп көрдүк.
Өмүркан Шайдиллаеванын Жаныбек Бекбаевдин аялы экенин бышыктоо үчүн «Т-Медиа» Бекбаевдин өзү менен байланышты. Ал маалыматты ырастады жана «Бекем-Курулуш» ЖЧКсы аялынын атында экенин тастыктады.
Эске салсак, «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын No22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары жактоочу Асылбек Кунгуров «Т- Медиага» берген маегинде экспертизанын жүрүшүндөгү мүчүлүштүктөр тууралуу мындай деди:
«Негизи үч экспертизаны бир жеке компания жүргүзгөнгө мыйзам жол берет. Бирок комплекстүү ишти бир адамга тапшыра албайт. Себеби соттук, курулуш, техникалык боюнча ар бирине өз-өзүнчө аудит жасалышы керек. А булар болсо бир адамга кармата берип соттук, курулуш, техникалык аудитти бир чыгарып коюп жатышат».
Эмне болгон эле?
Буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Турабай Бостонов тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундар Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан. Бул сюжетте аты аталган айрым мурдагы жетекчилер дооматтарды четке каккан.
Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, 24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов жана Акжол Абдуллаевди камакка алган. Эгембердиев жана Жалилов мурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүн башкарышкан. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган. Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурган.
Бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.
Жыйынтык: Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин айыпталышына негиз болгон актыга Баткен облустук архитектуралык курулушту контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Жаныбек Бекбаев кол койгон. Ал эми курулуш иштерин жүргүзгөн «Бекем-Курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү жана директору – Жаныбек Бекбаевдин жубайы Өмүркан Шайдиллаева.
Оставьте первый комментарий