
Бүгүн, 12-апрель саат 23:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп бааланууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
Тажикстан кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп саат 22.50дөн 23.16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турушкан.
Мындан тышкары, чыр-чатак орун алган жерге тажик тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын топтоп жатканы байкалган.
Укук коргоо жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жеринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тарабынан жүргүзүлүүдө.
УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын кошумчалоодо.
Оставьте первый комментарий