«Жайыттар жөнүндөгү» мыйзам кайрадан экинчи окууга кайтарылды

Жогорку Кеңеш 13-апрелде “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, экинчи окууга кайра кайтарды. Жыйында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев баяндама жасап, экинчи окуудан кийин жазуу жүзүндө сунуштар келбегендиктен беренелер өзгөртүлбөгөнүн билдирген.

Мыйзамга жайыттарды жеке жана юридикалык жактарга 5 жылдык мөөнөткө 20 жылга чейин узарттуу мүмкүнчүлүгү менен пайдаланууга берүү беренеси киргизилип жатат. Депутат Дастан Бекешев бул өзгөртүү тилкенин натыйжасыз пайдаланылышына алып келиши мүмкүндүгүн айтты.

«Биз азыр деле 5 жылга ижарага берип коюп, ал жерге көп кабаттуу үйлөр курулуп калгандыктан кайра ала албай жатпайбызбы. 20 жылда жарандар ал жерге каалаганын кылып, кийин мамлекет кайтарып алаарда көйгөй чыгышы мүмкүн» — деди Бекешев.

Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев министрликтин мыйзамды түшүндүрө албаганын сындады.

«Өтө өкүнүчтүү жакшы мыйзамды депутаттарга да түшүндүрө албай жатасыңар. Демек элге да түшүндүрүү болбоптур. Кыргызча да, орусча да түшүндүрө албай жатасыңар. Биз бул мыйзам кандай маанилүү экенин билебиз. Бирок азыркы алып келгениңер менен ал үчүн окууда өтпөйт» — деди Түлөбаев.

Ошондой эле эл өкүлү Адахан Мадумаров комитет жазуу жүзүндө сунуш келген жоктугун атпай, экинчи окуудагы депутаттардын эске алыш керек эле деп озгөртүү кирбегенин сындады. Долбоорго нааразычылыктар көп болгондуктан мыйзамды кеңири талкуулоо үчүн кайрадан экинчи окууга кайтаруу чечими кабыл алынды.

Буга чейин парламенттин тармактык комитети аталган мыйзам долбоорун колдоп, кийин ал экинчи окуудан өткөн. Айыл чарба министрлиги бул мыйзам жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын, жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн билдирген. Добоордо жарандарга мергенчилик, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды чогултуу, туризм, балык уулоо үчүн жайыттарды 5 жылдык мөөнөткө кийин 20 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү каралган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*