
Лейлек районунда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКнын Согди облусу боюнча башчысы Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүүдө.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биринчилерден болуп кошумча күчтөрдү өз аймактарына кайтаруу чечими кабыл алынган.
Ошол эле учурда күчтөр менен каражаттар окуя болгон жерден өз аймактарына кайтарыла баштаган.
13-апрель саат 24:00гө карата чек арада кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Кечээ 12-апрелде Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.
Жеринде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтогон. Чек ара кызматы тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганын билдирген.
Бирок, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан. Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болуп, операцияга даярдалып жатканы кабарланган. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын, кийин токтогун билдирген.
Оставьте первый комментарий